Азиада: кикбоксчулар Аманбеков менен Ибрагимов ушу-саньда боюнча күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчулар беттеш учурунда. Архив
Спортчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия оюндарынын алкагында ушу-саньда боюнча кармаштар 19-23 август күндөрү өтмөкчү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жайкы Азия оюндарына катыша турчу ушу-саньда боюнча курама команданын тизмесин жарыялады.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтөт, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү.

Ал эми ушу-саньда боюнча кармаштар 19-23 август күндөрү өтмөкчү.

Курама команданын тизмеси:

Авазбек Аманбеков — 56 кг;

Рустам Ибрагимов — 60 кг;

Канат Абдыганиев — 65 кг;

Жоомарт Келдейбай уулу — 70 кг;

Улук машыктыруучу — Тагайбек Өмүржанов;

Машыктыруучу — Кубдан Абдыраимов.

Белгилей кетсек, Авазбек Аманбеков менен Рустам Ибрагимов коомчулукка кикбоксчу катары таанымал. Быйыл экөө тең Азия чемпионатын жеңген. Аманбеков чемпион аталса, Ибрагимов WAKO курун тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0