Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу. Архив
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны  Оңолбек Каныбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Волейбол боюнча курама команда Азия оюндарындагы мелдешин 20-24 август күндөрү өткөрөт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Волейбол федерациясы Азия оюндарына бара турчу курама команданын тизмесин жарыялады.

Командага 12-оюнчу кирген.

Церемония открытия Азиатских игр 2014 в Инчхоне - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндарынын тарыхы. Кыргызстандан барып олжолуу кайткандар
Билдирмеге ылайык, тизмеде пас берген негизги оюнчу Жамал Мусаев жок, себеби ал мелдешке жеңил атлетика курама командасы менен барат.

Команданын капитаны болуп Оңолбек Каныбек уулу шайланган. Ошондой эле Онолбек Азиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгууга дайындалган.

Чучу кулактын жыйынтыгы менен улуттук курама команда А тайпасына туш келип, Индонезия жана Сауд Аравия менен ойномой болду. Мелдеш 20-24 август күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

Пас бере турчулар: Медет Эргеш уулу ("Улар"), Кылыч Сарбагишев ("Салам-Алик");

Диагоналдык чабуулчулар: Оңолбек Каныбек уулу, Дамир Газинур уулу (экөө тең "Жаны-Муун");

Экинчи темптеги чабуулчулар: Талгат Чалмашбеков ("Салам-Алик"), Нурмухаммед Токтоев ("Дархан ОшТУ"), Темир Муса уулу ("Улар");

Биринчи темптеги чабуулчулар: Роман Шилов ("Салам-Алик"), Эмиль Идирисов (EREM), Азамат Джумабеков ("Улар");

Либеро (коргоочу): Манас Нуралы уулу ("Аксы"), Кутманбек Абсатаров ("Салам-Алик");

Башкы машыктчуруучу: Андрей Анкудинов.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга аралыгында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0