Жээнбековдон утулган Проценко Кыргызстанга дагы келет. Атаандашы ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековУкраиналык мушкер Юрий Проценко. Архив
Украиналык мушкер Юрий Проценко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Проценко былтыр JFC 3 турниринин алкагында Мыктыбек Мамасалиевди утса, быйыл WEF Global 12 турниринин беттешинде Тилек Жээнбековго жеңилген болчу.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Мыктыбек Мамасалиевди утуп, ал эми Тилек Жээнбековдон жеңилген украиналык спортчу Юрий Проценко кайрадан Кыргызстанга келип беттеш өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштуруп жаткан Nomad Fights промоутерлик компаниясынан билдиришти.

Уюмдун Instagram баракчасындагы видеодо Проценко спорт сүйүүчүлөрүн кезектеги кармашына чакырган.

Маалыматка ылайык, аралаш мушташ боюнча Nomad Fights 9 турнири 22-сентябрда Ош облусунун Алай районунда өтмөкчү. Мелдештин алкагында 15 беттеш каралган.

Кеченин негизги беттешинде 57 килограмм салмакта Орто Азиянын мыкты мушкерлери чемпиондук наам үчүн беттешет. Спортчулар квалификациялык кармаштан (8/1) баштайт.

Ал эми башкы мелдеште украиналык Юрий Проценко менен кыргызстандык Эрмек Коноков эң оор салмакта (100+) күч сынашат. 

Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кореялык мушкерди сулата чаап чемпион болду. Сеулдагы видео
Эске сала кетсек, былтыр 9-декабрда JFC 3 турниринин алкагында Проценко "Ак аюу" атыккан кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиевди муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпион болгон.

Быйыл 6-мартта дагы бир кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков менен WEF Global 12 турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн беттешип, төртүнчү раундда секунданты алган жаракатынан улам кармаштан баш тарттырып койгон.

Мушкерлердин рейтингин жарыялап турган Sherdog порталынын маалыматына ылайык, Проценко Жээнбековдон кийин дагы үч беттеш өткөрүп, бир жолу утса, экөөсүндө жеңилип калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0