Манас Ниязов баштаган улакчылар Көчмөндөр оюнуна даярданууда. Видео

Жазылуу
31-июлда башталган машыгуу 13-августта аяктамакчы. Ал эми экинчи этабы 18-31-августка чейин өтөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча улуттук курама команда ушул тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында машыгып жатканын Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгынан кабарлашты.

Улакчылардын машыгып жатканы көк бөрү күйөрмандарынын Instagram баракчасына да жүктөлгөн.

31-июлда башталган машыгуу 13-августта аяктамакчы. Ал эми машыгуунун экинчи этабы 18-31-августка чейин өтөт.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына карата 12 көк бөрүчү машыктыруучусу менен даярданып жатат.

Курама команданын тизмеси:

1. Марлис Койгелдиев
2. Султан уулу Кубаныч
3. Айбек Темирбаев
4. Эрлан Төлөбеков
5. Замирбек уулу Таштемир
6. Нурманбет уулу Чубак
7. Мелисбек уулу Нуржан
8. Уланбек Насакеев
9. Батырбек уулу Аскат
10. Манас Ниязов
11. Рустам Тыналиев
12. Анарбек уулу Сейитбек

Курама команданын жетекчиси — Мыктыбек Туташев

Курама команданын башкы машыктыруучусу— Тилек Урманбетов 

Улакчыларды дене тарбия боюнча машыктыруучу — Канат Сыдыков 

Ветеринар-саяпкер — Эржан Тургунбаев 

Саяпкер — Калыбек Алтыбаев 

Саяпкер — Мырзакматов Таалай.

Машыгуулар үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 98 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0