"Кырчын" этно шаарчасында байыркы жоокердик өнөр боюнча мелдеш өтөт

© Фото / секретариат по организации ВИККөчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында алгачкы жолу "Кырчын" этно шаарчасында байыркы аскердик искусство мелдешинин ачылышы болот
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында алгачкы жолу Кырчын этно шаарчасында байыркы аскердик искусство мелдешинин ачылышы болот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин алкагында орто кылымдагы аскердик салттуу кийимдер жана жүрүшкө чыгуучу жабдуулар, согуштук куралдар көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында алгачкы жолу "Кырчын" этно шаарчасында байыркы жоокердик өнөр боюнча мелдештин ачылышы болот. Бул тууралуу катчылыктан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, таймаш үчүн "Хан ордонун" башкы дарбазасынын жанына атайын ринг орнотулуп, аскердик өнөрлөр көрсөтүлөт.

"Режиссер Талант Апиевдин ою боюнча, турнирдин алкагында ошол мезгилдеги куралдар, ойноо элементтери менен айкалышкан аскердик ыкмалар, кийимдер демонстрацияланат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, орто кылымдагы аскердик салттуу кийимдер жана жүрүшкө чыгуучу жабдуулар, согуштук куралдар көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0