Көчмөндөр оюнунан кийин Ысык-Көлдө ири спорттук мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары. Архив
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке КМШ менен ШКУ мамлекеттеринин спортчулары катышат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынан кийин XVII эл аралык Ысык-Көл мелдеши өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова Түркиядагы мелдеште финалга чыкпай туруп күмүш алды. Себеби
Оюн 10-19 сентябрь күндөрү Бактуу-Долоноту айылында өтөт. Ага КМШ, ШКУга мүчө мамлекеттер менен башка бир катар өлкөлөрдүн спортчулары күч сынашат.

Мелдештин программасында армрестлинг, стритбол, волейбол, аркан тартыш, сууда сүзүү, гиря спорту, жеңил атлетика, стол тенниси, мас-рестлинг, мини-футбол, спорттун кум жээктеги түрлөрү жана сумо каралган. Ошондой эле аркан тартыш, күрөш жана жүз килограмм ташты жылдыруу боюнча "Ысык-Көл баатыры" сынагы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0