Быйыл Көчмөндөр оюндарында көк бөрүгө канча байге коюлары айтылды

Жазылуу
2016-жылы баш байгеге 3,5 миллион сом коюлган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Быйыл күздө өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында көк бөрү мелдешинин байге фондуна алты миллион сом коюлат. Бул туурасында ДКОнун катчылыгы кабарлады.

Алты миллион сом алдыңкы төрт орун үчүн бөлүнөт.

— Биринчи орунга 3 000 000 сом;

— Экинчи орунга 1 500 000 сом;

— Үчүнчү орунга 1 000 000 сом;

— Төртүнчү орунга 500 000 сом.

Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө "Көк-бөрү боюнча Улуу оюнчу" аныкталып, ага 100 миң сом байге берилет. Ал эми "Көк-бөрүнүн Улуу аты" 100 миң сом менен сыйланат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында дагы байге фонду 6 миллион сомду түзгөн. Бирок анда биринчи орун үчүн 3, 5 миллион сом, экинчи орунга 1 миллион сом жана үчүнчү болгон командага 600 миң сом ыйгарылган. Калганы төртүнчүдөн жетинчи орунга чейин бөлүштүрүлгөн.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0