Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын эң мыкты голу аныкталды. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң мыкты гол FIFA сайтында добуш берүү менен аныкталган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Франциянын курама командасынын коргоочусу Бенжамин Павардын Аргентинанын дарбазасына киргизген тобу Дүйнө чемпионатындагы эң мыкты гол катары аталганын Р-Спорт сайты жазды.

Эң мыкты гол FIFA сайтында добуш берүү менен аныкталган. 

​Франция менен Аргентинанын курама командалары 1/8 финалда беттешип, француздар 4:3 эсебинде жеңишке жеткен. Павар 57-мүнөттө атаандашынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 2:2 кылып теңеген.

Быйылкы футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0