Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДевушка во время тренировки по боксу
Девушка во время тренировки по боксу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет айдыңында август айында Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына барууга каражат таппай айласы куруган спортчу кыздардын видео кайрылуусу талкууга түшүүдө. Алардын пикиринде, мамлекет тийиштүү каражат бөлүүдөн баш тарткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчулардын машыктыруучусу менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураштырды.

Күн мурун Facebook колдонуучусу Света Байтикова видеону жүктөп, постко спортчу кыздар Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына барууга каражат таппай жаткандыгын айтып, президентке чейин кайрылган.

"Уят! Пенчак силат боюнча чемпиондорубуз Азия оюндарында өлкөнүн желегин көтөрөм деп насыя алып, карызга батып жүрүшөт. Аткаминерлер мелдешке билет алып берүүдөн баш тартышты. Спортчулардын ата-энелери балдардын үмүтүн өчүрбөйүн деп акыркы малын сатканга чейин барышат. Жыл башында 10 спортчу мелдешке жолдомо алуу үчүн Индонезияга өз каражатына барып, үч коло медаль алып келишкен. Азыр алар жеңиштин ордуна, акча издеп отурушат. Биздин мамлекетке баар бирби? Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылам. Мындай уят нерсени токтотуңуз!" — деген интернет колдонуучу.

Байтикова ошондой эле спортчулардын абалынан маалым болгон Индонезия мамлекети команда үчүн тамак-аш менен жашай турчу жайды акысыз кылганын кошумчалады.

Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Михринса: апамды сагынганда көйнөгүн кучактап жатчумун
Жүктөлгөн видеодогу кыздар кикбокс боюнча Азия чемпиону Алина Камалова, бирма боксу боюнча дүйнө чемпиону Михриниса Ниязова жана бирма боксу боюнча дүйнө чемпионатынын, кикбокс боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси Толгонай Калназарова экендигин тааныштырып, каражат издегенге аргасыз болуп жатышканы айтылган.

Ал гана эмес Камалова өзүнчө пост жазып биринчи жолу коомчулуктан жардам сурап жаткандыгын билдирген. 

Ниязова да Instagram баракчасында кайрылуу жасаган. 

Спортчу кыздардын машыктыруучусу эмне дейт?

Пенчак силат федерациясынын вице-президенти, машыктыруучу Бекболсун Советбеков Азия оюндарына жалпысынан 10 спортчу (үч кыз, жети эркек), машыктыруучулук штабды кошкондо 14 киши барууну максат кылып жаткандыгын билдирди. Советбеков мамлекет спортчуларды каржылоодон такыр баш тарткандыгын тастыктады. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПенчак силат федерациясынын вице-президенти, машыктыруучу Бекболсун Советбеков Михринса Ниязова менен
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Пенчак силат федерациясынын вице-президенти, машыктыруучу Бекболсун Советбеков Михринса Ниязова менен

"Биздин федерациянын президенти Калыбек Бикбоев мамагенттик өкүлдөрү менен болгон жыйында акча бөлүп берүү тууралуу сөзгө чекит коюлганын айткан. Каражат издегенге туура келип жатат. Билет наркы 1000 доллардан кем эмес, баасы күн санап өсүүдө", — деди Советбеков.

Ошондой эле машыктыруучу мелдешке алдыңкы спортчулар тандалып алынганын, балдардын оюнга каалоосу күч экендигин кошумчалды.

Мамагентик эмне себептен каражат бөлүүдөн баш тарткан?

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов пенчак силат курама командасы Азия оюндарында расмий түрдө каржыланбай тургандыгын айтып, себептерин санап берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов
Директор ГАФКиС при правительстве КР Канат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов

"Пенчак силат — Индонезиянын улуттук спорту. Кыргызстандагы федерациясы эки-үч жыл мурда ачылган. Мен өкүлү менен бетме-бет жолугуп сүйлөшкөм. Аны азыр кара-балталык жигит өнүктүрүп жатат. Федерация азырынча жаш, балдары бышып жетиле элек. Анын үстүнө федерация Мамагенттиктен каттоодон өткөн эмес. Биз мелдеште байге алып келе турчу спортчуларды гана жөнөтүп жатабыз. Азия оюндарына катышууну каалаган 400 спортчудан арыз келген, анын 150сү гана тандалып алынды. Жакында аты-жөнү жарыяланат. Мамлекеттин акчасы ушунча баланы каржылаганга гана жетет. Тандалган спортчулардын арасында пенчак силат курама командасы жок. Мен муну расмий түрдө жар салып жатам. Бул маселе жыйында каралган", — деди жетекчи.

Боксчулар жылаңач полдо, таш дубалда күч сынашып калдыбы? Талкууга түшкөн видео - Sputnik Кыргызстан
Боксчулар жылаңач полдо, таш дубалда күч сынашып калдыбы? Талкууга түшкөн видео
Ошондой эле Канат Аманкулов өз каражатынан бара турчу спортчуларга каршы эместигин кошумчалады.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтөт. Мелдеште 42 спорттун түрү боюнча медалдын 462 топтому ойнотулат. Кыргызстандын курама командасы спорттун 14 түрү боюнча күч сынашат (футбол, волейбол, стритбол, эркин күрөш, кыз-келиндердин күрөшү, грек рим күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, жаа атуу, мылтык атуу, каное менен байдаркада сууда сүзүү, самбо, ушу-саньда).

Жаңылыктар түрмөгү
0