Жарашат бекен? Роналду "Ювентустун" формасын кийип чыкты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу италиялык клубга эмне себептен өткөнүн түшүндүрдү.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Атактуу футболчу Криштиану Роналду "Ювентус" (Италия) клубунун оюнчусу катары расмий түрдө тааныштырылды.

Дүйшөмбү күнү Турин шаарына келген 33 жаштагы оюнчу медициналык кароодон өтүп, келишимге кол койгондон кийин дароо маалымат жыйынына катышты.

Роналду Instagram баракчасына "Ювентус" клубунун Forza Juve! ("Алга, Юве!") деген жазуусу бар футболкасын кийип турган сүрөтүн жарыялап, #FinoAllaFine ("Аягына чейин") деген хештег койду.

Р-Спорт Роналду 33 жашында "карьерам бүттү" деп ойлогон футболчулардан бир топ айырмаланарын жазды.

"Мен башкалардай эмес экенимди көрсөтүүгө аракеттенем. Элге спортчу катары гана эмес, адам катары дагы үлгү болгум келет. Көп иштеп, жаштарга жардам берүүнү көздөп жатам. Бул учурду жумушумдагы чоң бурулуш деп эсептейм. Андыктан катуу эмгектенип, күйөрмандарымды кубантууга, жаңы бийиктиктерди багынтууга жан үрөйм", — деди Роналду маалымат жыйыны учурунда.

Ал ошондой эле "Ювентус" дүйнөдөгү эң мыкты клубдардын бири экенин кошумчалады.

"Досторум бул команда мага ылайыктуу экенин көп айтышты. Анүстүнө бул клубдун күч-кубатын эске алганда, чечим кабыл алуу оор деле болгон жок", — деди Роналду.

Белгилей кетсек, быйыл "Ювентус" Роналду менен биргеликте Чемпиондор лигасында ат салышат.

Роналду өткөн жумада Испаниянын "Реал Мадридинен" Италиянын "Ювентусуна" өткөн. Трансфердин суммасы 100 миллион евро жана келишим төрт жылга түзүлгөн. Мындан сырткары, клуб башка чыгымдарына 12 миллион евро төлөп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0