Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүФутбол күйөрмандары. Архив
Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 15-июлда Россияда футбол биринчилиги аяктады.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россияда өткөн футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган. Бул тууралуу "ТурСтат" аналитикалык агенттигинен билдиришти.

Эске салсак, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда футбол чемпионаты болуп, Франциянын курама командасы чемпион аталды

"Эл батпай келген мелдештер Москва, Санкт-Петербург, Сочи, Нижний Новгород жана Казань шаарларында болду. Жалпысынан Россияга 3 миллион 31 миң адам барса, алардын 47 миңи оюнга катышкандар", — деп агенттиктен билдиришти.

Күйөрмандык кылуу үчүн Москвага 767 миң, Санкт-Петербургга 448 миң, Сочиге 264 миң, Нижний Новгородго 256 миң, Казанга 254 миң адам келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0