Кыргызстандык таэквондочулар дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду

© Фото / Акбар АйтахуновКыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду
Кыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионатына 46 өлкө катышты

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

© Фото / Акбар АйтахуновКыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду
Чемпионате мира по таэквондо WT среди студентов в городе Поханг (Южная Корея) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду

Мелдеш 10-15-июль күндөрү Түштүк Кореянын Поханг шаарында өткөн. Өлкө намысын беш эркек жана эки кыз коргогон.

"80 килограмм салмакта күч сынашкан Акбар Айтахунов алтын медалга ээ болду. Мындан сырткары эки коло жана бир күмүш медаль бар. Жалпы командалык эсеп боюнча III орунду ээледик", — деп айтышты федерациядан.

Дүйнө чемпионатына 46 өлкө катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0