Кыргызстандык Дмитрий Новиков жиу-житсу боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСпортчу. Архив
Спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан мелдешкен жиу-житсунун Ne Waza версиясында спортчуларды курларга бөлүү дегени жок, маселен, бир салмак категориясында көк курдун ээси ак курдун өкүлү менен күч сынашып калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дмитрий Новиков жиу-житсунун Ne Waza версиясы боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту. Бул туурасында Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясынан кабарлашты.

© Фото / Ришат АхуновКыргызстандык спортчу Дмитрий Новиков жиу-житсунун Ne Waza версиясы боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту
Чемпионат Азии по джиу-джитсу версии Ne Waza в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчу Дмитрий Новиков жиу-житсунун Ne Waza версиясы боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту

Азия чемпионаты 10-июлда Казакстандын Актау шаарында башталган, эртең, 16-июлда жыйынтыкталат. Мелдеште 20 өлкөнүн атынан 420дай спортчу күч сынашууда.

Кыргызстандын курама командасынан төрт киши аттанган. Жыйынтыгында бир гана спортчу байгелүү орунга ээ болду. 69 килограмм ченде Дмитрий Новиков коло байге утту.

"Новиков 1/16 финалдан баштап, жалпысынан беш кармаш өткөрдү. Төртүнчү кармашка келгенде утулуп, коло байге үчүн болгон беттеште жеңди. Атаандаштары индиялык, монголиялык, таиланддык жана казакстандык балбандар болду", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жиу-житсунун Ne Waza версиясында спортчуларды курларга бөлүү деген жок, маселен, бир салмак категориясында көк курдун ээси ак курдун өкүлү менен күч сынашып калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0