Бишкекте таэквон-до боюнча Азиянын ачык чемпионаты өтөт

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЧемпионат по таэквондо WTF
Чемпионат по таэквондо WTF - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 10 мамелкеттин спортчулары катышмакчы.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-22-июль күндөрү таэквон-до боюнча Азиянын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Таэквон-до ITF федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара борбор калаадагы "Газпром" ден-соолукту чыңдоочу комплексте өтөт.

Азия чемпионатына Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Израиль, Иран, Пакистан, Афганистан, Филиппин жана Кыргызстандын спортчулары катышат.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0