ФИФА президенти Россиядагы чемпионаттын өтүшүнө баа берди

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүЭл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино. Архив
Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инфантино быйылкы дүйнө чемпионаты көп кишинин футболго болгон кызыгуусун арттырганын айтты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино маалымат жыйында Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатын тарыхтагы эң мыкты биринчилик деп атаганын РИА Новости жазды.

"Укмуштуу, таң калаарлык дүйнө чемпионаты. Биз турнирдин башынан бери бул жакта жүрүп болуп көрбөгөндөй эмоцияга бөлөндүк, эми финал болот. Мен бул мелдештинң мыкты деңгээлде болорун эки жылдан бери эле айтып келе жатам. Эми бул тууралуу ишенимдүү айта алам. Бул турнирге кам көргөндөрдүн бардыгына алкыш", — деди ал.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык өспүрүм Сочиде Россия — Хорватия оюну үчүн топ алып чыкты. Сүрөт
Инфантино бүткүл Россияга, өкмөткө жана президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

"Дүйнө чемпионатын өткөзгөнгө жардам берген ыктыярчыларга, уюштуруу иштери менен жүргөн миңдеген адамдарга рахматымды айтам", — деди ал.

Ошондой эле Инфантино бул дүйнө чемпионаты көп кишинин футболго болгон кызыгуусун арттырганын кошумчалады.

Дүйнөлүк чемпионат Россиянын 11 шаарында болуп, финалдык оюн 15-июлда Москва шаарында өтөт. Анда Хорватия менен Франция беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0