Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар Азия оюндарына Мадридде даярданат

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испанияда эл аралык турнир өтөт.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандык күрөш боюнча кыз-келиндердин курама командасы  Азия оюндарына даярдык көрүү үчүн Мадрид шаарына учуп кетти. Бул туурасында  Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Машыгуулар Испаниянын борборунда 13-20-июль күндөрү өтөт. Күрөшчү кыздар Grand Prix of Spain аттуу эл аралык турнирде өлкө намысын коргойт.

Кыргызстандын атынан катыша тургандар:

Айсулуу Тыныбекова, эл аралык класстагы спорт мастери (62 кг. салмакка чейин);

Мадина Надырова, спорт чебери (53 кг. салмакка чейин);

Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;

Бактыгүл Алишева, дарыгер.

Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0