105 миллион фунт! Роналду "Реал" футбол клубунан "Ювентуска" кетти

© AFP / Paul ELLISПортугальский форвард "Реала" Криштиану Роналду
Португальский форвард Реала Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Португалиялык оюнчу 105 миллион фунтка бааланды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мадриддик "Реал" португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну "Ювентуска" берүүгө макул болду. Бул тууралуу Р-Спорт испаниялык клубдун расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Роналду "Реал" клубунун жетекчилигине башка командага өтүү сунушун өзү айтып кайрылган.

Россия курама командасынын дарбазачысы Игорь Акинфеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарбазачы Акинфеевдин аты алмаз "топко" ыйгарылышы мүмкүн
Sky Sports телеканалы кабарлагандай, португалиялык оюнчу 105 миллион фунтка бааланды. 

Роналду "Реалга" 2009-жылдын жайында "Манчестер Юнайтед" клубунан келген. Анда ал 93,4 миллион еврого бааланган. 

Португалиялык футболчу өткөн сезондо 44 түрдүү оюнга катышып, 44 гол киргизип Чемпиондор лигасында жеңүүчү болгон. Ал "Реалдын" курамасы менен 438 беттешке катышкан. Төрт лиганын чемпиону болуп, 451 гол киргизип мадриддиктердин тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Ошондой эле Испаниянын эки жолку чемпиону, клубдар аралык дүйнө чемпионатында үч ирет чемпион болгонго жетишкен. Андан сырткары, Европа, Испания кубокторуна татыган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0