Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалын кимдер баштайт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБельгиялык футболчулар машыгуу учурунда
Бельгиялык футболчулар машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндун жеңүүчүсү финалга чыгат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалынын алгачкы оюндарында Франция менен Бельгиянын курама командалары беттешет.

Оюн Санкт-Петербург шаарында 10-июлдун түнүндө саат 00:00дө башталат.

Чейрек финалда Француздар Уругвайдын курама командасын жеңген, Бельгия болсо Бразилиянын командасын уткан.

Жарым финалдын жеңүүчүсү финалга чыгат. Чемпионаттын финалы 15-июлда Москва шаарында өтөт. Ал эми жеңилген команда үчүнчү орун үчүн ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0