Кыргызстандык 5 жашар бала дүйнө чемпиону аталды! Жиу-житсу турниринен сүрөт

© Фото / Заир МарасуловПятилетний кыргызстанец Умар Марасулов
Пятилетний кыргызстанец Умар Марасулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун атасы Заир Марасуловдун айтымында, уулу жиу-житсу боюнча Кыргызстандын эң жаш дүйнө чемпиону болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Беш жашар кыргызстандык Умар Марасулов Бразилия жиу-житсусу боюнча дүйнө чемпионатынан алтын байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун атасы Заир Марасулов билдирди.

ACBJJ – Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu версиясындагы дүйнө биринчилиги кечээ, 7-июлда Мосвка шаарында башталган, бүгүн жыйынтыкталат. 

© Фото / Заир МарасуловПятилетний кыргызстанец Умар Марасулов
Пятилетний кыргызстанец Умар Марасулов - Sputnik Кыргызстан
Пятилетний кыргызстанец Умар Марасулов

Мелдешке кыргызстандын атынан жети спортчу катышып, жыйынтыгында чоңдор арасында Далер Марасулов (65 кг) күмүш тагынса, иниси Умар Марасулов (22 кг) балдар арасында чемпион аталган. 

Беш жашар чемпион Умардын атасы Заир Марасуловдун айтымында, уулу эки россиялык спортчуну муунтуу ыкмасы менен утуп, биринчи орунга ээ болгон. 

"Балам жиу-житсу менен бир жылдан бери машыгат. Жеңишине кубанып турам. Менимче ал жиу-житсудан Кыргызстандын тарыхында эң жаш дүйнө чемпиону", — деди Марасулов. 

Белгилей кетсек, Заир Марасулов да жиу-житсудан чоңдор арасында дүйнө чемпиону. 

Жаңылыктар түрмөгү
0