Дүйнө чемпионаты: плей-оффто ойной турган жуптар аныкталды. Тизме

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Англия - Бельгия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Англия - Бельгия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чейрек финалга 16 команданын сегизөө гана өтөт.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынын бардык жуптары аныкталды. Оюндар 30-июндан тарта башталат.

28-июнда бардык тайпалык оюндар жыйынтыкталган.

1/8 бөлүктө ойной турчу командалар:

— Франция — Аргентина (30-июнь, 20.00, Казань);

— Уругвай — Португалия (30-июнь, 00.00, Сочи);

— Испания — Россия (1-июль, 20.00, Москва);

— Хорватия — Дания (1-июль, 00.00, Нижний Новгород);

— Бразилия — Мексика (2-июль, 20.00, Самара);

— Бельгия — Япония (2-июль, 00.00, Ростов-на-Дону);

— Швеция — Швейцария (3-июль, 21.00, Санкт-Петербург);

— Колумбия — Англия (3-июль, 00.00, Москва).

Мелдештердин башталчу сааты Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлгөн.

Ал эми чейрек финалга 8 команда чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0