Азамат Байматов: алдыдагы маанилүү оюндардан кийин үйлөнөм

© Sputnik / Табылды КадырбековКапитан сборной КР по футболу Азамат Байматов
Капитан сборной КР по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы белгилүү футболчулардын бири Азамат Байматов учурда Индонезиянын "Борнео" клубунунун жогорку лигасында ойнойт. Кызматы — коргоочу.

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Роналду мыктыбы же Байматовбу? Дүйнө чемпиону элди күлдүргөн суроого жооп берди
Футболчу жакында эле мекенине келип эс алып кайтты. Ал ортодо Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине баш багып, спорттогу жолу, алдыдагы пландары, үй-бүлөсү жана жеке жашоосу тууралуу кенен айтып берди.

Байматов — Кыргызстандын мыкты футболчусу (2010, 2012), Өлкөнүн көз карандысыздык кубогунун ээси, КРдин чемпиону (2008, 2011, 2012), КР кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2012). Ошондой эле "Дордой" (Кыргызстан), "Транзит", "Вентспилс" (Латвия), "Сибирь" (Россия), "Ситра", "Риффа" (Бахрейн) клубдарында ойногон.

— Кыргызстандагы эс алуу кандай өттү?

— Келген күндөн тарта туулуп өскөн жерим Ош шаарында болдум. Ата-эне, тууган-туушкандар менен отуруп чер жазыша эс алдык. Жаш балдар менен сүрөткө түшүп, сүйлөшүп жакшы күндөргө күбө болдум. Борборго келгенде журналисттерге маек берип, спорттук дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттүм. Чуңкурчак жайлоосунда кымыз ичип, тоого чыктым. Жаратылыш жан дүйнөмө жакын. Алдыда Индонезиянын чемпионаты күтүп турат. Клубдун түзүп берген шартына жооп катары мыкты жыйынтык көрсөтүшүм керек. 

© Фото / Эржигит АкаевКыргызстандагы белгилүү футболчулардын бири Азамат Байматов: эс алууга Чуңкурчак жайлоосунда кымыз ичип, тоого чыктым. Жаратылыш жан дүйнөмө жакын
Капитан сборной КР по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы белгилүү футболчулардын бири Азамат Байматов: эс алууга Чуңкурчак жайлоосунда кымыз ичип, тоого чыктым. Жаратылыш жан дүйнөмө жакын

— "Борнео" менен канча жылга келишим түзүлгөн?

— Бир жылга. Кийинки жылдын январында бүтөт.

— Мурда ойногон клубдарыңыз менен келишимди бир жылга түзүптүрсүз. Эмнеге көпкө узабайт?

— Спорттун өмүрү кыска, футболчу жыл сайын өсүп турушу керек. Анүстүнө келишим түзгөн клуб менен акырына чейин иштешем деген кепилдик жок. Мен "Борнеого" чейин арабдардын эки клубунда ойнодум. "Ситрада" ойноп жүрүп "Риффага" өтүп, жер которгондо борбордон айылга эле келип калгандай болдум. Араб өлкөлөрүндөгү клубдардын бир жаман жери — айлыктарын кечиктирип берет. Алар акчалуу болгону менен ичи тар келишет. Үч жыл жашап көп нерсени түшүндүм. Араб элин идеалдуу элестетебиз, жаман иштерди жасаган учуру деле арбын. Ал жакта ири суммадагы акчамды кайтара албай калтырып кеткем. Болбосо ден соолугумду арнап бир канча оюн өткөргөм. Өзүм соттошуп, ызы-чуу чыгарганды жактырбайм, жөн эле баса бергем. Курама команда менен Индонезияда мыкты оюн көрсөткөнүбүздө азыркы иштешип жаткан клубдан сунуш келген.

 

 

— Сыр болбосо клубдар канча каражат төлөйт?

— Келишим боюнча айтылбайт. Латвияда жүргөндө бир айлыгыма унаа алчумун. Ал жакта машиналар арзан да, 1000-2000 еврого эле алсаң болот. Мен бир Mazda сатып алгам. Агезде 18 жашта болчумун. Клуб келишимдин негизинде Кыргызстанга жибере албай калды. Ошондо апамды жаныма чакыртып, аш басып суунун жээгине алып баргам. Ошол күндөр керемет эле.

— Спорттун аркасы менен кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?

— Бишкекте батирим, унаам бар. Ата-энеме үй куруп бергем. Москвада окуган карындашыма жардам берем. Кудайга шүгүр.

— Былтыр улуттук курама команданын капитанын тандоодо кыйынчылыктар болду окшойт. Кээ бир оюндарда сизди көрө алган жокпуз, кийинки жылы боло турчу Азия кубогунда команданын тизгини кимде болот?

— Ар бир машыктыруучунун системасы бар. Мурда капитанды машыктыруучу же команда тандачу. Ал эми Александр Крестининдин талабы боюнча, оюн сайын капитан алмашып турушу керек. Капаланбайм, бул дүйнөлүк практикадагы тажрыйба. Азия чемпионатында ким кураманы жетектей турганы белгисиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Байматов: Азия чемпионатында ким кураманы жетектей турганы белгисиз
Матч Кыргызстан — Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Азамат Байматов: Азия чемпионатында ким кураманы жетектей турганы белгисиз

— Спортто канча убакыт болоюн деп пландап жатасыз?

— Быйыл 29га чыгам. Дагы беш жыл ойнойм деген ниетим бар. Негизи спортто дооруң бүтүп жатканы билинет. Карьерамдын соңунда өзүбүздүн командада бир жылдай ойнойм. Мен Кыргызстанга келип бир клубду тандаганда карьерасын жыйынтыктайт экен деп ойлой бериңиздер (күлүп).

— Карьера бүткөндөн кийин эмне менен алектенем деп өзүңүзгө суроо берип көрдүңүзбү?

— Мен профессионалдык карьера тууралуу кеп кылып жатам, а негизи спортто өмүр бою эле болсом керек. Жашоодо ар тараптуу болгон жакшы. Маселен, ашканада өзүмдү мыктымын дебейм, бирок курсак тойгузганды билем. Келишим түзгөн клубдан батирден тарта унаага чейин камсыздап беришет. Бир гана тамагы өзүңөн. Сырттан тамак сатып жебейм. Спагеттини абдан жакшы жасайм. Дүкөндөн азыктарды да дыкаттык менен тандайм. Акча аягандык эмес, колдун тамагы жагат. Антон (Землянухин. — ред.) Таиландда жүргөндө кечке пицца жей берип ашказаны ооруп арыктап келген. Адамдын өзүнөн да. Мен тамакты 5-классыман бери жасайм. Апам жумушта кезинде карындашымды карап, ал ортодо картошка куурганга жетишчүмүн. 

© Фото / Эржигит АкаевАзамат Байматов: адам жаш куракка же бирөөнүн айтканына кирип эрте үй-бүлө күтүп албашы керек. Сүйгөн адам келет, аны күтүш керек.
Защитник сборной КР по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Азамат Байматов: адам жаш куракка же бирөөнүн айтканына кирип эрте үй-бүлө күтүп албашы керек. Сүйгөн адам келет, аны күтүш керек.

— Жалгыз жашагандан жадаган жоксузбу?

— Жашоо биз ойлогондой эмес. Бир жагынан кем болсо, экинчисинен кудай берет. Кыскасы жеке жашооң болбой калса, жумушуң жакшы жүрүшөп дегендей. Мен убагында шашып үйлөнүп алып, андан ары турмушумду алып кете албай койдум. Мындай абалды сыноо деп билем. Оор күндөрдөн башка түшкөн эки нерсе бар: мыкты экениңди далилдеп чыйраласың же өзүңдү таштап саласың. Мен чет өлкөдө клубдар менен иштешип алаксыдым деп ойлойм. Адам жаш куракка же бирөөнүн айтканына кирип эрте үй-бүлө күтүп албашы керек. Сүйгөн адам келет, аны күтүш керек.

— Өзүңүз деле үйлөнүүнү пландап жатсаңыз керек…

— Сүйлөшкөн кызым бар. Быйылкы жана эмдиги жылкы маанилүү мелдештерди бүтүрүп алсам үйлөнөм. 

© Фото / Култаев АртурАзамат Байматов: сүйлөшкөн кызым бар. Быйылкы жана эмдиги жылкы маанилүү мелдештерди бүтүрүп алсам үйлөнөм.
Капитан сборной КР по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Азамат Байматов: сүйлөшкөн кызым бар. Быйылкы жана эмдиги жылкы маанилүү мелдештерди бүтүрүп алсам үйлөнөм.

— Социалдык тармакта баракчаларыңыз бар экендигин билем. Өзүңүз тууралуу пикирлерди окуйсузбу?

— WhatsApp, Instagram, ВКонтакте тармагында отурам. Биринчи Instagram баракчама жазылгандар 100 миңге жеткенде шылуундар талкалап кирип, акча талап кылып опузалаган болчу. Жооп кайтарган эмесмин. Азыр жаңысы менен иштешип жатам. Көңүлүм калса керек, көп деле активдүү эмесмин. Анда санда бир пост жазып, сүрөт жүктөйм. Негатив жазгандарды дароо блоктойм.

— Үч жыл мурдагы маектердин биринде "Футбол талаасында катаалмын. Бирок бышактап ыйлап сериал көргөн учурларым болот" деп айтыптырсыз. Жашоодо жумшак, аярсызбы?

— Жыл сайын спортто да, жашоодо да инсан катары калыптангым келет. Апам өзгөрдүң деп калат. Азыр байлыкка кызыкпайм. Биринчи кезекте ата-эне, туугандарың менен мамилени жакшыртууну, ден-соолугуңа кам көрүүнү көбүрөөк ойлоп калат экенсиң.

— Мага эки жыл мурда берген маегиңизде балдарын, жубайын жакшы көргөн Девид Бекхэмди кумир тутам депсиз. Ал дале күчүндөбү?

— Туруктуулук жагат. Ал тууралуу жаман пикир уга элекмин. Инсан, спортчу катары баа берем.

— Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты кайнап жаткан учур. Кайсыл командага күйөрмандык кыласыз?

— Сегиз жылдан бери Испания курама командасын колдойм. 2010-жылы чемпион болгондо журналисттер менен мелдешип, команданын жеңишин утурлай чачымды сарыга боегом. Акыркы убактарда Испаниянын жолу болбой жүрөт, туура багытты алат деп ишенем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Байматов: мыкты оюн көргөзсөк ири чемпионаттарга катыша алабыз
Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
Азамат Байматов: мыкты оюн көргөзсөк ири чемпионаттарга катыша алабыз

— Кыргызстан канча жылдан соң дүйнө чемпионатында ат салышышы мүмкүн?

— 2019-жылы январь айында Азия кубогунда алгачкы оюн көрсөтсөк, жайында төрт жылдан соң Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына талапкер командалардын мелдеши өтөт. Мыкты оюн көргөзсөк ири чемпионаттарга катыша алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0