06:12 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
182 0 0

Мушкер рингде 52 килограмм салмак ченинде күч сынашып келет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Монголиядагы эл аралык Ulanbaatar Cup-2018 турниринде алтын байгеге ээ болгондугун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Бокс боюнча мелдеш 19-25 июнь күндөрү Улан-Батор шаарында өткөн.

Анда 52 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Усеналиев мелдештин жеңүүчүсү аталган. Кыргызстандык мушкер биринчи кармашында түндүк кореялык Ким Унг Сонгду, экинчи беттешинде монголиялык Гангхуанг Ганэнердени, ал эми финалда түштүк кореялык Хисоп Лини жеңип алган.

Турнирге Монголия, Россия, Казакстан, Индия, Кытай, Таиланд, Түштүк жана Түндүк Корея, Иран, Тайпей жана Кыргызстандын мушкерлери катышкан.

Тема боюнча

Кимдер жеңди? Каркырада күчүн сынаган эрендер сүрөттө
11:0! Тыныбекова Кытайда атаандашынын айласын кетирип, коло утуп алды. Видео
Белгилер:
мушкер, мелдеш, спорт, бокс, Азат Усеналиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ