Тилек Жээнбеков күчүн Түштүк Кореяда сынамай болду. Атаандашы ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 23-июль күнү Сеул шаарында өтөт.

БИШКЕК, 21 июн — Sputnik. Аралаш мушташ оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков кийинки беттешин Түштүк Кореядагы Angels Fighting лигасында өткөрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков апасы Жаңыл Осмонкулова менен - Sputnik Кыргызстан
Кандай эне төрөдү экен?.. Өлкөнүн мыкты спортчуларынын апалары сүрөттө
Мелдеш 23-июль күнү Сеул шаарында өтөт. Жээнбековдун атаандашы кореялык Жун Су Лим болмокчу.

Бул кыргызстандык мушкердин жыл жаңыргандан берки үчүнчү кармашы. 6-мартта украиналык Юрий Проценкону жеңсе, 14-майда швециялык Малик Тамбени утуп алган. Жээнбеков атаандаштарынын бардыгын техникалык нокаут менен жер караткан.

Тилек Жээнбеков — панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсиалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, кол таймашы, грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиону. ММА боюнча профессионалдуу мушкер.

Жаңылыктар түрмөгү
0