БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Испания менен Ирандын футбол боюнча курама командаларынын мелдеши 1:0 эсебинде аяктады. Оюндагы жалгыз голду испаниялык Диего Коста 54-мүнөттө киргизди.
Беттешүүдө испанялык футболчулар активдүүлүк кылып, мунун арты менен жеңишке жете алышты.
Мелдеш Казань шаарындагы "Казань Арена" стадионунда өтүп, ага уругвайлык Андрес Кунья калыстык кылды.