Айсулуу Тыныбекова килемге кайтты! Балбандар эл аралык мелдешке катышат

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекованын машыктыруучусу 2017-жылы Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open турниринин финалында америкалык балбан Элен Марулис менен күрөшүп жатып, ийинин оорутуп алганын айткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда эл аралык мелдешке катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты
China Open аталышындагы мелдеш 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өтмөкчү. Аталган мелдеште өлкө атынан Айсулуу Тыныбекова (58 кг), Мээрим Жуманазарова (75 кг) жана Марсбек кызы Назира (55 кг) күч сынашат. Балбандарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Айсулуу Тыныбекова быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатына алган жаракатына байланыштуу катышкан эмес. Спортчу 2017-жылы Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык турниринин финалында америкалык балбан Элен Марулис менен күрөшүп жатып, ийинин оорутуп алганы, кийинки кармаштарга жаракаты кедергисин тийгизгени айтылган.

Айсулуу Тыныбекова эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөштөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган спортчу. Азиянын эки жолку чемпиону. Жайкы Олимпиада оюндарында эки ирет күчүн сынаган (Лондон-2012, Рио-Де-Жанейро-2016).

Жаңылыктар түрмөгү
0