Чыныгы балбандардын кармашы! Борбордо кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Турнирге Кыргызстандын балбандарынан сырткары төрт өлкөнүн спортчулары катышып, алты салмак категориясында күч сынашат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча XI Республикалык турнир өтөт. Бул туурасында FOFINGO спорттук агенттигинен билдиришти.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алтын күтөбүз! Жаштар грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышат
Мелдеш кыргыз күрөшү боюнча алгачкы абсолюттук чемпион Турат Мазиевдин сыйлыктары үчүн уюшулуп, 23-июнь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү.

Турнирге Кыргызстандын балбандарынан сырткары төрт өлкөнүн спортчулары катышып, алты салмак категориясында (60, 66, 74, 84, 96 килограмм жана 96 килограммдан өйдө) күч сынашат.

Уюштуруучулар — Спорттун улуттук түрү боюнча дирекция жана КРдин Кыргыз күрөш федерациясы.

Алдыңкы орунду ээлеген спортчулар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0