Кулатуу эр таймаштын мушкерлери Каркыра жайлоосунда күчүн сынайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кулатуу-эртаймаш по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7
Турнир по кулатуу-эртаймаш по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын спортчулары катышат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдө кулатуу эр таймаш боюнча "WEF Selection 16: Тоодогу кармашуу" аталышындагы мелдеш өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы
Турнир 22-июнда Түп районундагы Каркыра жайлоосунда өтөт. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары күч сынашат.

WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт: "Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, "Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат, "Proffight" — кесипкөй мушкерлер күч сынашат, WEF "Global" — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0