Мушкер Ринат Саякбаев атаандашын сулата чаап утуп алды. Украинада тартылган видео

© Фото / Федерация Кулатуу эр таймаш (WEF) Кыргызстандык мушкер Ринат Саякбаев. Архив
Кыргызстандык мушкер Ринат Саякбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке дагы бир кыргызстандык спортчу Актилек Жумабек уулу катышып, калыстардын чечими менен утулду деп табылган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Ринат Саякбаев Украинада өткөн аралаш мушташ боюнча WWFC 11 турниринде атаандашын утуп алганын Instagram баракчасына жарыялады. 

ММА боюнча эл аралык турнир 16-июнь күнү Украинанын Киев шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан мушкерлер Ринат Саякбаев менен Актилек Жумабек уулу катышкан.

Натыйжада Саякбаев украиналык Андрей Красниковду беттештин биринчи раундунун үчүнчү мүнөтүндө нокаут менен утуп алган. Ал эми Жумабек уулу молдовалык Михаил Котруцэ менен кармашып, калыстардын чечими менен жеңилди деп табылган. 

Спортто "Рико" каймана атын алган Ринат Саябаевдин Sherdog порталындагы профессионалдуу көрсөткүчү 8-3-1 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу), ал эми "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулунуку 11-6.

Жаңылыктар түрмөгү
0