Франция менен Австралия бири-бирине жалпысынан үч гол киргизди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Австралия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Австралия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атаандаштар "Казань Арена" стадионунда беттешти.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Франциянын курама командасы австралиялык атаандаштарын 2:1 эсебинде артта калтырды.

Францияга жеңиш алып келген голдорду чабуулчу Антуан Гризманн менен жарым коргоочу Поль Погба киргизди. Белгилей кетчү жагдай, биринчи голду Гризманн алгачкы жолу дүйнө чемпионатында колдонулуп жаткан VAR системасынан (өз көзүнө ишенбеген калыс видеону көрүп туруп, андан соң чечим кабыл алат — ред.) кийин белгиленген пенальти тебүүдө киргизди.

Ал эми Австралия курама командасынын киргизген жалгыз голу коргоочусу Миле Единакка таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0