Россиядагы Футбол чемпионатынын ачылыш аземинде болчу өзгөчөлүктөр

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБСА "Лужники"
БСА Лужники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачылыш аземге он мамлекеттин башчыларынын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда бейшемби күнү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталганы турат.

Оюндар 14-июндан 15-июлга чейин созулуп, Россиянын 11 шаарындагы стадиондо өтөт. Ачылыш азем бүгүн Москвадагы "Лужники" стадионунда болмокчу. Ошол эле жерде биринчи оюн башталат — Россия курама командасы менен сауд аравиялыктар күч сынашмакчы.

Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Египеттен Аргентинага чейин. КР саясатчылары менен жылдыздар кимге жан үрөйт
Р-Спорт агенттиги жазып чыккандай, салтанат Москва убактысы боюнча саат 17.30да (Бишкек убактысы боюнча 20.30) башталат. Жарым саат өткөндөн кийин арбитр оюнду баштоого белги берет. Баса, Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбеков КТРК чемпионатты трансляциялоого эксклюзивдүү укук алганын жар салган болчу.

Ачылыш аземдин форматы мурдагылардан бир топ айырмаланат. Бул ирет — шоу музыкалык номерлерден куралары белгилүү болду.

Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.

Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдап, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАзем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.
Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЧемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдайт
Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдайт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдайт
© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.
1/3
Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.
2/3
Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдайт
3/3
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.

Ачылыш аземдин концепциясын түзгөн Феликс Михайловдун айтымында, шоу футбол жана сүйүү жөнүндө болмокчу.

Световое шоу на здании ЦВЗ Манеж, посвященное ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин
Россиянын лидери Владимир Путин ачылыш аземге катышып, оюнга күбө болот. Ошондой эле Абхазия, Армения, Белоруссия, Боливия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Ливан, Тажикстан, Парагвай, Кытай, Өзбекстан, Түштүк Осетиянын өлкө башчылары менен Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасынын келиши күтүлүүдө.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага учуп кеткени айтылган. Баса, мамлекет башчы кайсы курама командалар үчүн жан үрөй турганын да жашырган жок.

Дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу жаңылыктардын бардыгын Sputnik агенттигинин атайын долбоорунан орус тилинде окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0