Египеттен Аргентинага чейин. КР саясатчылары менен жылдыздар кимге жан үрөйт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта оюнчулардын дагы, футбол сүйүүчүлөрдүн дагы жүрөгү дүкүлдөп, саат санап жаткан кез. Анткени эртең футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Айрымдар жөн гана керемет оюн көргүсү келсе, айрымдар сүйүктүү командасынын жеңиши үчүн жаратканга жалынып жаткан мезгил.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстанда белгилүү инсандар кайсы өлкөнүн курама командасына жан үрөй турганын сураштырып көрдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

— бир эмес үч курама командага күйөрманмын. Алар: Германия, Түркия жана Россияныкы. Биринчи эки команданы мыкты оюн көрсөтө алгандыгы үчүн жактырсам, Россияны качандыр бир кезде бир мамлекетке киргендигибиз үчүн колдойм. Үчөөнүн тең оюндарын көрөм.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков:

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков
VI Заседание Национального Совета по устойчивому развитию КР - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков

— кайсы команданын күйөрманы экенимди жар салгым келбейт. Бардык командалардан бүйүр кызыткан оюн күтөм. Алардын ар бири мактоого татыктуу.

ЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов:

© Фото / пресс-служба ЖКЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов
Депутат ЖК Жыргалбек Турускулов  - Sputnik Кыргызстан
ЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов

— бул жолу дүйнө биринчилигинде мен күйөрман болгон команда жок.

ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов:

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
Право на формирование коалиции большинства  - Sputnik Кыргызстан
ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов

— атактуу Лионель Месси үчүн Аргентина курама командасына күйөрмандык кылам.

ЖКдагы "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев:

© Фото / секретариат фракции "Онугуу — Прогресс"ЖКдагы "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
ЖКдагы "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

— менин фаворитим Египеттин курама командасы. Анын чабуулчусу Мухаммед Салахтын ойногону абдан жагат.

Экономика министри Олег Панкратов:

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЭкономика министри Олег Панкратов
Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Олег Панкратов

— көптөн бери Бразилиянын курама командасын жактырып жүрөм. Анда ар дайым эң мыкты оюнчулар ойнойт.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов:

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов
Министр транспорта и дорог КР Жамшитбек Калилов - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

— мен Россия курама командасынын күйөрманымын. Кантсе да мурда бир желектин алдында жашаганбыз да.

ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова:

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова

— Россиянын футболчулары медалга жетсе жакшы болот эле. Россия биздин эң жакын өнөктөш болгондуктан дал ушул командага күйөрманмын.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков:

© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Коомдук ишмер Аскар Салымбеков
Основатель торгово-рыночного комплекса Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Коомдук ишмер Аскар Салымбеков

— мен Аргентина утса экен деп жатам. Анткени футбол генийи Лионель Месси жете элек бир гана титул калды. Ал — дүйнө чемпиону. Аны утуп алса Месси анык легендага айланат.

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров:

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров

— 1990-жылдан бери Аргентинага күйөрманмын. Агезде Марадона ойноп жүрчү, азыр ал жакта Месси бар. Андан тышкары, Испания курама командасын жакшы көрөм. Ал эми фаворит эмес командалардын арасынан Египетти сүрөөнгө алам.

КРдин футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин:

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин
Главный тренер сборной КР по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин

— бул жолку чемпионаттын фавориттери немис футболчулары деп эсептейм. Бирок өзүм качан жана кандай мелдеш болбосун, ар дайым Россиянын курама командасына күйөрманмын.

Ырчы Кайрат Примбердиев:

© SputnikЫрчы Кайрат Примбердиев
Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кайрат Примбердиев

— Германиянын курама командасы чемпионатты жеңип кетишин каалайм. Немистердин абдан ынтымактуу ойногону жагат.

"Азия MIX" командысынын мүчөсү, алып баруучу Ростислав Ященко:

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия MIX" командысынын мүчөсү, алып баруучу Ростислав Ященко
Резидент Азии Mix Ростислав Ященко - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командысынын мүчөсү, алып баруучу Ростислав Ященко

— Исландия курама командасы Европа чемпионатында менин жүрөгүмдү багындырып алган. Элинин саны Нарын облусунукунан аз болгонуна карабай, жарым финалга чыгып, өзүнүн урааны менен дүйнөнү багындырган. Чыныгы баатырлар!

Кыргызстандын футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов:

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов
Капитан сборной КР по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов

— Испания курама командасынын күйөрманымын. Алардын оюнун абдан жактырчумун, эми Диего Костадай көрүнүктүү чабуулчу келгенде оюн канчалык өзгөрөрүнө кызыгып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0