13:31 10 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8499
  • EUR79.4752
  • RUB1.0437
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү

Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен күч сынашат

© AP Photo / Frank Franklin II
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (37)
2084 0 0

Буга чейин эки мушкердин беттеши АКШнын Нью-Йорк же Лас-Вегас шаарында өтө тургандыгы болжолдонгон.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов ирландиялык спортчу Конор Макгрегор менен беттеше тургандыгын мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) башчысы Дэйна Уайт билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт порталы жазып чыкты.

"Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор Москвадагы турнирде мушташпайт, анткени ага мүмкүнчүлүк жок. Менимче алдыда боло турган беттеш мыкты өтөт. Азырынча Конор менен сүйлөшө элекмин. Мен ал менен соту болгонго чейин жолугуп бул маселени талкуулайм", — деп Уайт интервьюсунда кабарлады.

Буга чейин эки мушкердин беттеши АКШнын Нью-Йорк же Лас-Вегас шаарында өтө тургандыгы болжолдонуп келген.

Хабиб Нурмагомедов 8-апрелде америкалык Эла Яквинтаны утуп, UFC чемпиону болгон.

Ал өзүнүн карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңишке жетишкен. Ал россиялыктардын арасынан биринчилерден болуп UFC чемпиону болду. Ал эми Макгрегор бир жарым жылдан бери ММАге чыга элек. Азыркы маалда анын турнирге кайтып келүүсүнө мыйзам менен болгон көгөйү себеп болууда — ал UFC 223 турниринин катышуучулары менен бара жаткан автобуска кол салган.

Аталган иш боюнча сот отуруму 14-июнда өткөрүлөт.

Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (37)

Тема боюнча

Россияда биринчи жолу UFC турнири өтөт. Анда Шевченко күч сынашышы мүмкүн
Антонина Шевченко катыша турчу UFC турниринин проморолиги жарыяланды
Белгилер:
беттешүү, UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ