Кыргызстандык "Бойка" M-1 Global уюмунда алгачкы беттешин өткөрөт

© Фото / WEFАралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн кыргыз спортчусу Өктөм Бактыбек уулу. Архив
Аралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн кыргыз спортчусу Өктөм Бактыбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште Өктөм Бактыбек уулу жеңил салмак (70.3 кг) категориясында бразилиялык Рубенилтон Перейра менен беттешет.

БИШКЕК, 6-июн — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн кыргыз спортчусу Өктөм Бактыбек уулу M-1 Global уюмунун турнирине катышат. Бул туурасында маалымат аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланган.

Интервью с четырехкратной чемпионкой Кыргызстана по  художественной гимнастике Айтурган Мырзакматовой - Sputnik Кыргызстан
Бул кыздардан модель чыкмак... Кыргыздын күчтүү жана ажарлуу спортчулары сүрөттө
Эл аралык турнир 15-июнда Россиянын Оренбург шаарында өтөт. Анда Өктөм Бактыбек уулу жеңил салмак (70.3 кг) категориясында бразилиялык Рубенилтон Перейра менен беттешет.

Бактыбек уулу спорт тармагында "Бойка" каймана аты менен таанымал. 25 жаштагы мушкер тайбокс жана эрежесиз уруш боюнча КРдин спорт чебери. Бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматына ылайык аралаш мушташ боюнча төрт беттештин жеңүүчүсү. 

Ал эми атаандашы Рубенилтон Перейра ММА боюнча 19 беттешти утуп, беш ирет утулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0