"Реалда" сонун оюндарды өткөрдүм! Роналду клубдан кетиши мүмкүн

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүФутбол. Лига чемпионов. Финал. Матч "Реал Мадрид" - "Ливерпуль"
Футбол. Лига чемпионов. Финал. Матч Реал Мадрид - Ливерпуль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криштиану Роналду "Реал" клубунун атынан 2021-жылга чейин ойноо боюнча келишим түзгөн.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду ал үчүн бул клубдагы оюндар сонун ирмемдер менен эсинде калганын билдирди. Бул туурасында Р-Спорт жазып чыкты.

"Реал" Чемпиондор лигасын быйыл үчүнчү ирет катары менен жеңип алды. Испаниялык команда финалда Англиянын "Ливерпуль" командасы менен кез келип 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Associated Press агенттиги Роналду Чемпиондор лигасынын финалдык оюнунан кийин мадриддик клубдан кетип калышы мүмкүн экенин кыйытканын жазып чыкты.

"Жакынкы күндөрү күйөрмандарыма жооп берем, анткени алар дайыма жанымда болушту. "Реалда" сонун оюндарды өткөрдүм. Футболчулардын келечеги маанилүү эмес, башкысы биз биргеликте тарыхты кайра жаңылап жаздык", — деп "Реал" менен 2021-жылга чейин келишим түзгөн Роналду билдирген.

Бул боюнча клубдун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан португалиялык оюнчу жакынкы аралыкта башка тондо сүйлөп калышы ыктымалдыгын айтты.

Футбол. Лига чемпионов. Финал. Матч Реал Мадрид - Ливерпуль - Sputnik Кыргызстан
Мындай болгон эмес! "Реал" үч жолу катары менен Чемпиондор лигасынын кубогун утту
"Ал биз менен эле калат. Дагы үч-төрт күндөн кийин такыр эле башкача сүйлөшү мүмкүн", — деп Зидан белгиледи.

Ал эми "Реал Мадриддин" президенти Флорентино Перес Роналду эмне дебесин баары бир клубдун курамынан чыкпай турганын айтып, аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүтө электигин белгиледи.

Роналду "Реалга" 2009-жылы июлда Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубунан келген. Анын келиши менен клуб эки ирет Испаниянын чемпиону болсо, төрт жолу Чемпиондор лигасын жеңип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0