КР футбол командасы Азия кубогуна ээ боло алабы? Букмекерлердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия чемпионаты 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтүп, жеңиш үчүн 24 команда ат салышат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын "Азия кубогу — 2019" оюнунда жеңишке жетиши күмөн. Бул тууралуу курама командаларга сереп салган Марафонбет сайты жазып чыкты.

Март айында улуттук команда Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Мьянма жана Индиянын футболчуларын жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол курамасы Азия чемпионатында кайсы күндөрү ойнойт? Расписание
Мелдеште Кыргызстандын курама командасы Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин өлкөлөрүнүн футболчулары менен ат салышат.

Эске салсак, букмекерлерлин болжолдоосунун коэффициенти канчалык төмөн болсо, курама команданын мүмкүнчүлүгү ошончо жогору болот.

Япония жана Иран командаларынын коэффициенти 6 жана 6,2 болуп эң жогорку баскычты көрсөткөн. Андан кийинки орунда Түштүк Корея (7,2), Австралия (7,5), Бириккен Араб эмирлиги (7,6) турса, Сауд Аравияныкы 9. Эң төмөнкү коэффициент Йемен, Филиппин (176), Индия (201), Кыргызстан жана Түркмөнстан (301) өлкөлөрүнө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0