Ысык-Көлдө ири спартакиада өтөт. Кимдер катышат?

Жазылуу
Программага спорттун 8 түрү кирди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда элет жаштарынын катышуусунда "Ден соолугу чың улут — өнүккөн өлкө" деп аталган спартакиада өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КРдин хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын квалификациясына кирди
Иш-чара 28-майдан 2-июнга чейин уланып, "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин спорт базаларында жана "Газпром" спорткомплексинде болмокчу. Спартакиада аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлүүдө.

Турнирге өлкө аймактарынан келген 700дөй кишинин катышуусу күтүлүүдө. Программага ордо, кыргыз күрөш, кол күрөш, тогуз коргоол, волейбол, футбол, жеңил атлетика жана таяк тартыш оюндары кирген.

Мелдешти өткөрүүгө 1 миллион 825 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0