Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытый чемпионат по тяжелой атлетике в Кыргызстане
Открытый чемпионат по тяжелой атлетике в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жыйынтыгында Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионатына катыша турчу курама команда куралат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтө тургандыгын кабарлады.

Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты дзюдочулар Ысык-Көлдө Азия кубогу үчүн күч сынашат
Мелдеш 21-23 май күндөрү Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтмөкчү.

Анда балдар сегиз салмакт түрү боюнча (56, 62, 69, 77, 85, 94, 105, +105), ал эми кыздар жети түр салмак категориясында (48, 53, 58, 63, 69, 75, +75 кг) күч сынашат.

Мелдештин жыйынтыгында Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионатына катыша турчу курама команда куралат.

Чемпионат үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 28 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0