Мыкты дзюдочулар Ысык-Көлдө Азия кубогу үчүн күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековДзюдочулар беттеш учурунда. Архив
Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чарада өспүрүмдөр менен жаштар түрдүү салмак боюнча беттешет.

БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогу уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-24-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Анда өспүрүмдөр менен жаштар сегиз салмактык категорияда күч сынашат. Спорттук иш-чарага чет элдик мыкты балбандардын да катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0