Россияда биринчи жолу UFC турнири өтөт. Анда Шевченко күч сынашышы мүмкүн

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхый окуя Москвадагы "Олимпийский" спорт комплексинде өтөт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюму биринчи жолу Россияда турнир өткөрөт. Бул туурасында промоутерлик компаниянын сайтында айтылды.

Аралаш мушташ боюнча кармаш 15-сентябрда "Олимпийский" спорт комплексинде өтөт. Билет сатыкка 1-июндан тарта чыгат.

​Ал арада спорттук уюмдун социалдык тармактагы расмий баракчаларында орус мушкерлери катышкан турнирдин кыскача роликтери пайда болду. Арасынан кыргызстандык Валентина Шевченкону да көрүүгө болот (РФ жарандыгы бар).

Роликте Хабиб Нурмагомедов менен Александр Волковдун мелдеш учурунда атаандашын нокаутка кетиргени, ал эми Валентина Шевченконун кайруу ыкмасын колдонуп жатканы бар.

​Россиялык ЖМКлардын айтымында, белгилүү орус мушкери Хабиб Нурмагомедов аталган турнирге катышпайт. Анын ордуна Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук наамы үчүн Никко Монтано менен, ал эми Алексей Олейник Фабрисио Вердум менен күч сынашышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0