"Футбол сулуусу — 2018" сынагын үч балалуу келин жеңип алды

© Фото / пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу — 2018" конкурсун жеңүүчүсү Нарис Оморова
Футбол сулуусу — 2018 конкурсун жеңүүчүсү Нарис Оморова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын финалына үч бийкеч тандалып, анын жыйынтыгы бүгүн чыккан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Футбол сулуусу — 2018" конкурсун Нарис Оморова жеңип алганын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу — 2018" конкурсун жеңүүчүсү Нарис Оморова
Претендентка на звание Мисс футбол — 2018 Нарис Оморова - Sputnik Кыргызстан
"Футбол сулуусу — 2018" конкурсун жеңүүчүсү Нарис Оморова

Көрүүчүлөрдүн добушу менен сынактын финалына үч бийкеч тандалып, анын жыйынтыгы бүгүн чыккан.

Жеңүүчүгө расмий түрдө сыйлык тапшыруу аземи эртең болот. Титул жана таажыдан сырткары, ал эл аралык иш-чараларда Кыргызстандын футбол федерациясын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, түрдүү сүрөт, видеого тартуу долбоорлоруна катыша алат.

Кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
WEF Global: кыздардын алгачкы беттешине чыккан Барчынай жеңишке жетти
Нарис Оморова 1993-жылы 15-апрелде туулган. "Реал Мадрид" клубунун күйөрманы, ошол эле учурда "Барселона" командасынын футболчусу Лионель Мессини жактырат. Кыргыз-орус славян университетинде "бухгалтердик эсеп" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Учурда банкта иштейт. Ага удаа эле "юриспруденция" багыты боюнча экинчи билимин алууда. Үч баланын энеси.

Өткөн жылы "Футбол сулуусу" наамына Москвада Asia Gold KG аттуу футбол сүйүүчүлөрүнүн командасын түзгөн Надира Исакова ээ болгон.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде футболго кантип келип калганын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0