Дамирбек Асылбек уулунун кызматын Канат Бегалиев аркаламай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөш балбаны Канатбек Бегалиев. Архив
Грек-рим күрөш балбаны Канатбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат КРдин Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болчу.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Канат Бегалиев Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп шайланганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мындай чечим 12-майда КРдин грек-рим күрөшү боюнча чемпионатынан кийинки жыйында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кызматты экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу ээлеп келген.

ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси. Мурда грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучулук кызматын аркалаган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро менен биргеликте атайын операция өткөргөн. Анын алкагында бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсү жок кылынып, кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны бар экени аныкталган. Алардын арасындагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин коңшу өлкөнүн ИИМи айтып чыккан.

Кыргызстандын БШКсы Казакстандын органдарына сурам жөнөтүп, анын кош жарандуулугун тактаган. Натыйжада Асылбек уулу мандатынан ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0