Курсан Асановдун уулу АКШда алтын утуп Кыргызстандын желегин желбиретти

© Фото / предоставлено Мухаммед-Али АсановымМеждународное соревнования по джиу-джитсу в США
Международное соревнования по джиу-джитсу в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык мелдеш Американын Бостон шаарында 13-май күнү өткөн.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов жиу-житсу боюнча эл аралык турнирден алтын медалга ээ болду. Социалдык тармактарга чыккан бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине жеңүүчүнүн машыктыруучусу, самбо боюнча СССРдин спорт чебери Виктор Черевко тастыктады.

Аталган мелдеш Американын Бостон шаарында 13-май күнү өткөн.

"Мухаммед-Али үч жылдан бери Бостондогу Массачусетс университетинде инвестиция тартуу жана дүйнөлүк экономика багытында окуйт. Окуудан сырткары жиу-житсу менен да машыгат. Кечээ "алтын медаль уттум" деп жакшы кабар айтып, бизди сүйүнттү", — деди Черевко.

Мухаммед-Али Асанов 21 жашта. Буга чейин ал кикбоксинг жана каратэ менен алектенген. Ошондой эле ИИМдин "Динамо" спорт ордосунда дагы жүрүп такшалган. Бала чагынан бери спорт менен машыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0