Узгенбаева WEF Global турнириндеги кыздардын алгачкы беттешине чыгат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын атаандашы казак мушкери Махсуда Жапарова экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Барчынай Узгенбаева WEF Global 12 турнириндеги кыздар арасындагы алгачкы беттешке биринчилерден болуп чыгат. Бул тууралуу мелдешти уюштурган Кулатуу эр таймаш (World Ertaymash Federation. — ред) федерациясынан кабарлашты.

Аралаш мушташ боюнча турнир 14-майда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
Маалыматка ылайык, Узгенбаева WEF уюмунун эң жогорку Global лигасынын тарыхында алгачкы жолу күч сынашып жаткан кыз бала. Анын атаандашы казак мушкери Махсуда Жапарова экени айтылды.

Барчынай Узгенбаева спорттун грэпплинг түрү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, панкратион боюнча КРдин чемпиону, бокс боюнча күмүш медаль ээси. 2016-жылы "Жаш-Күч" клубу уюштурган JFC турниринде дагы кыздардын алгачкы беттешин тартуулап, казак мушкери Акбобек Ергалиеваны утуп алган

Эске сала кетсек, WEF уюмунун ProfFight лигасында биринчи ирет Бегимжан Касымова күч сынашып, казак атаандашы Юлдуз Маматкулованы утуп алган болчу.

WEF уюму спортчулардын деңгээлине жараша мелдештерди төрт серияда өткөрөт. Amateur — спорт сүйүүчүлөр арасында, Selection — спортчуларды тандап алуу, ProfFight — профессионал мушкерлердин күч сынашуусу, Global — сериясында эң мыктылар кыл чайнашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0