Борбордо кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын максаты — улуттук спортту жайылтуу жана сергек сак жашоо образын калыптандыруу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Борбор калаада Советтер союзунун баатыры Самат Садыковдун элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 8-9-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, анда жети дубандын балбандары күч сынашат.

Турнирди өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясынан 287 миң сом бөлүнгөн.

Иш-чаранын максаты — улуттук спортту жайылтуу жана сергек сак жашоо образын калыптандыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0