Россиялык Емельяненко менен иштеше баштадым. ММА менеджери менен маек

© Sputnik"Mara Team Management" промоутерлик компаниясынын жетекчиси Марат Бекмуратов
Mara Team Management промоутерлик компаниясынын жетекчиси Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздандык мушкерлер Канат Келдибеков менен Немат Абдрашитов дүйнөдө рейтинги боюнча үчүнчү орунда турган ACB (Absolute Championship Berkut. — ред.) уюмунда кантип ат салышып калганын билесизби? Ооба, алар тер агыза машыгып даярданган. Бирок ММА чөйрөсүндө күчтүү менеджериң болбосо сени эч ким тоготпойт.

"Mara Team Management" промоутерлик компаниясынын жетекчиси Марат Бекмуратов бир нече мушкерлерге менеджерлик жардам көрсөтүп, дүйнөлүк уюмдарда ат салышууга жардам берип келет. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, менеджерлик иши, Орто Азиядагы мушкерлердин абалы жана UFC уюмуна ат салышууга кимдин мүмкүнчүлүгү жогору экендигин айтып берди.

— Эмне себептен мушкерлерге жардам берүүнү чечтиңиз?

— Менеджер катары расмий түрдө иш алып барганыма 1,5 жылдын жүзү болду. Башында тааныш балдардын суранычы менен беттештерин сүйлөшүп берип жүрдүм. Кийин дагы мелдешке катышам деп кайрылгандар болду. Анан спортчулар менен кагаз жүзүндө иш алып барыш керек экендигин түшүндүм.

Биринчи жолу досум Немат Абдрашитовду Fight Nights уюмуна сүйлөшүп бергем. Намыска жарап атаандашын биринчи раундда жер каратты. Кийин Бразилияда үй ээсин утуп, Россияда бир нече беттеш өткөрдү. 26-майда Eagles FC турниририн алкагында Bellator уюмунун мушкери Валерий Мирси менен беттешет.

© Фото / из личного архива Марата БекмуратоваММА менеджери Марат Бекмуратов: күзүндө Алтынбек Мамашов ONE FC уюмунда ат салышканы турат
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
ММА менеджери Марат Бекмуратов: күзүндө Алтынбек Мамашов ONE FC уюмунда ат салышканы турат

— Нематтын ACB уюмунда эмнеге жолу болбой калды?

— Ал Таиланддан машыгуудан келип эле Тажикстанда кармашка түштү. Абага көнүү үчүн бери жагы эки жума керек эле. Экинчиден, атаандашынын салмагы 3,5 салмагы оор болчу. Мен баргычакты досуна макулдугун берип коюптур. Немат өзү да орусча жакшы сүйлөй албайт. Мен мелдештен баш тарттырып, уюштуруучулардан компенсация төлөтүп алмакмын. Өзүбүздөн ушундай ката кетип калды. Эгер Немат ошол беттешин жеңсе ACB уюму менен келишим түзмөк.

— Ушул эле суроо коомчулукка "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибековго да тиешелүү…

— ACBдеги эки беттешинде атаандаштарынын ыкмасына алданып калды. Алар мыкты мушкерлер эле. Биринчиси машыктыруучу, спорт чебери болсо, экинчиси Аскат Зулаев атаандаштарын нокаут менен утчу, бир гана Канат менен болгон беттеште упайдын саны менен жеңишке жетти. Зулаев кийин мага турнирлердин биринде жолукканда "Канат кандай жүрөт, аны менен беттешүү оор болду" деп айткан. Канатты чечендер абдан жактырышат. Себеби ал шоунун коштоосунда мыкты беттеш көрсөтөт. Жакынкы күндөрү "Ахмат" лигасында күчүн сынаганы турат.

© SputnikМарат Бекмуратов "Mara Team Management" промоутерлик компаниясын жетектеп, мушкерлерге дүйнөлүк уюмдарда ат салышууга жардам берип келет
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Марат Бекмуратов "Mara Team Management" промоутерлик компаниясын жетектеп, мушкерлерге дүйнөлүк уюмдарда ат салышууга жардам берип келет

— Учурда карамагыңызда канча бала бар?

Кыргызстандык ММА мушкери Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Немат: апам мени беттештерде аяйт окшойт, бирок билдирбейт
— Келишим боюнча 22. Төрт өзбек, төрт орус, калганы кыргыз. Жакында эле командабыздын катарын россиялык спортчу кыз Анна Емельяненко толуктады. Ал самбо боюнча спорт чебери, бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, ММА боюнча профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү. Кийинки беттешин 12-майда Кытайда M-1 жана WKG уюмунун биргелешкен турниринде өткөрөт. Баса, кыздын белгилүү мушкер Федор Емельяненкого тууганчылыгы жок. Кагаз жүзүндө эмес, тааныш-дос катары иштешкен спортчулар толтура. Мени менен иштешем деп социалдык тармактан күнүнө 2-3төн киши жазат. Ар бир мушкерди спорттук жөндөмүнө жана адамдык мамилесине карап алам. Келишим түзгөндөн кийин менин уруксатымсыз беттештерге катышууга болбойт. Менеджер эмне кылып алмак эле деп ойлошу мүмкүн. Биз спорчуларды башка уюмдарда күч сынашууга таптакыр чекит коюп койгонго күчүбүз жетет. Эгер каражат тууралуу айта турган болсом, беттештен түшкөн гонорардын 20 пайызы мага бөлүнөт. Башка мушкерлердин менеджери менен машыктыруучусу акчанын жарымынан көбүн алат. Мен мушкерлердин эмгегин сыйлайм. Алар спорт үчүн ден соолугун тобокелге салууда.

— Спорттук уюмдарды кантип таап, кантип келишим түзөсүз?

— Көп ММА менеджерлери менен мамиледемин. Бири-бирибизге балдарды сунуштап же тескерисинче алардыкын алып турабыз. Келишим түзүүнүн оорчулугу деле жок. Эң башкысы ишенимге ээ болуу керек. Азыр мага уюмдар чоң ишеним артат.

— Командадагы башка улуттагы кайсыл мушкерге баа бересиз?

— Константин Андрейцев аттуу мушкерим бар. Анын мүнөзүн кыргыздардыкына окшоштурам. Негизи орустар коопсуздугуна карап жылына 3-4 гана беттеш өткөрөт. Костя болсо, октагондогу беттеши бүтөрү менен "кийинки кармаш качан болот?" деп сурайт. Бардыгы эле билет, ал WEF10 турниринде "Азия аюусу" каймана аты менен таанымал өзбек мушкери Мурод Хантураевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курду утуп алган.

© Фото / из личного архива Марата БекмуратоваМенеджердин жардамы менен Канат Келдибеков менен Немат Абдрашитов дүйнөдө рейтинги боюнча үчүнчү орунда турган ACB (Absolute Championship Berkut. — ред.) уюмунда ат салышкан
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Менеджердин жардамы менен Канат Келдибеков менен Немат Абдрашитов дүйнөдө рейтинги боюнча үчүнчү орунда турган ACB (Absolute Championship Berkut. — ред.) уюмунда ат салышкан

— Убагында украиналык Юрий Проценко Хантураев менен Мыктыбек Мамасалиевди жеңген. Тилек Жээнбеков болсо Проценкону жеңди. Сурайын дегеним интернет тармагында Жээнбеков менен Константин Андрейцевди беттештирсе эмне болмок деген талкуу жүрдү эле?

— Ал талкуу жөн жерден эмес. Мен Тилек Жээнбековду спорттогу агаларымдын бири катары сыйлайм. Костантин Андрейцев — WEFтин чемпиону наамын жеңген. Негизи ал чемпиондугун коргошу керек эле. Бирок федерация Жээнбеков менен Юрий Проценкого кур коюп берип койду. Өзүм унчукпай эле коеюн дегем. Костя "Кыргызстанда эмне болуп жатат, сурап берчи" деди. Уюштуруучуларга байланышсам ал корголбой турчу кур дешти. Мындайды биринчи жолу угушум, бир да уюмда корголбогон наам жок. Кийин WEFтин уюштуруучуларына жолуксам, Костя алар үчүн кызыксыз экендигин айтышты. Азыр Тилек Жээнбеков менен Константин Андрейцевге баа бере албайм. Костянын жаш болгонуна карабай бир топ ийгиликтерди багындырганын белгилеп өткүм келет.

— Ошондо оор салмактагылар арасында Орто Азияда ким күчтүү?

Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз "Тайсону" Канат: мелдештерде 6 миң доллар, Honda Accord утуп жүрөм
— Украиналык Юрий Проценко Орто Азиядагы эки мыкты мушкерди, ошол эле учурда күрөшкөндөн начар Мурод Хантураев менен Мыктыбек Мамасалалиевди уткандан кийин эле белгилүү болуп кетти. Тилек Жээнбеков ар тараптуу. Бирок байма-бай беттеш өткөрө бербейт. Мамасалиев болсо элге жагат. Жакында эле казакстандык Шахмарал Жетписов Юрий Проценкону утуп алды. Убагында биздин Жээнбеков Жетписовду жер караткан. Азыр ушул казак мушкери табында, оор салмактагыларга коркунуч жаратабы деп турам. Чынын айтсам, эч кимисине так баа бере албай койдум.

Негизи жалпысынан Кыргызстан Орто Азияда калкынын саны боюнча кичинекей, бирок мушкерлердин саны боюнча эң алдыда. Азыр 77 килограмм салмакта өзбекстандык Нурсултан Рузибоев сап башында турат. Аны казактын алты мушкери ута алган эмес. Бирок убагында биздин Данияр Бабакулов менен Данияр Абдибаевге утулган. Мен муну өзүбүзгө тартып айтып жаткан жокмун. Россияда "бизге иштеп жүрүп спортко кантип жетишесиңер" деп таң калышат. Ошондой эле Рыскулбек Ибраимов (57 кг) менен Арман Оспанов (66 кг, Казактсан) биринчиликти бербей келет.

© Фото / Марат БекмуратовМарат Бекмуратов: өзүм кикбокс менен машыгып, спорт сүйүүчүлөр арасында күч сынашып жүрчүмүн
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Марат Бекмуратов: өзүм кикбокс менен машыгып, спорт сүйүүчүлөр арасында күч сынашып жүрчүмүн

— Түшүнүктүү. UFCде өлкө атынан Валентина Шевченко күч сынашып жүрөт. Кийинкиси ким болот?

— Рафаель Физиев! Ал күчтүү уюмдарда ат салышып, тайбокс менен эрежесиз урушта мыкты. Бусурманкул Абдубаит уулу мушкерлердин дүйнөлүк рейтингинде 154-орунда турат. Азыр күчүн сынап жаткан M-1 Global уюмунунан түз эле UFCге бара турганга мүмкүнчүлүгү бар. Өзүмдүн балдарымдын арасынан Алтынбек Мамашовго көбүрөөк үмүт артам. Ал бир аз жалкоо. Беттеш коюп берсең чыгат, болбосо жүрө берет. Машина, үй, жумуш, анда баары бар. Кыскасы, кам санабайт. Буюрса күзүндө беделдүү деген ONE FC уюмунда ат салышканы турат. Кубаныч Абдисалам уулу дагы данектүү жигит. Негизи командамда мыкты балдар көп. Азырынча UFC уюмуна шашпай элебиз. Максатыбыз — күчтүү уюмдарды өзүбүздү көрсөтүү.

— Кыргызстандыктар өлкө ичинде мыкты беттеш көрсөткөнү менен чет мамлекетте утулуп калган учурлар көп. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Соккудан өлүп калабы деп корктум. Ринг-анонсер Мусаевдин ыймандай сыры
— Биздин мушкерлер эр жүрөк, тайманбас, намыскөй келишет. Спортто тактика деген бар. Тагыраагы, атаандаштын артыкчылыгана же кемчилигине карап иштейсиң. Биздикилер кара күчкө салып кармашат. Колдору жакшы иштегени менен күрөштөн начар. Экинчиден, спортчулар үчүн чет мамлекеттен машыгуу өткөрүп туруу зарыл. Бардыгынын эле ага чама-чаркы жетпейт. Тамак-аш, организм үчүн витаминдер чоң каражатты талап кылат. Үчүнчүдөн мушкерлер сандан сапатка өтүп, мыкты атаандаштар менен чыккандан качпашы керек. Келишим түзчү уюмдар спортчуну атаандаштары менен турнирдин деңгээлине карап тандап алат.

— Мелдештен кийин көрүүчүлөр мушкерлерге карата "Атайын утулуп берди же алдын ала сүйлөшүлгөн беттеш" деген пикирди жазганын окуп калам. Сурайын дегеним, атаандаштар тарабынан ушундай сунуштар болду беле?

— Орус мушкерлери Владимир Пальченков жана Константин Андрейцевге сунушташкан. Бирок спортчунун намысы акчадан бийик. Эгер сен мыкты мушкер болсоң промоутерлик компаниялар өздөрү эле байма-бай чакырып, көңүл жылыткан каражат төлөп берет. Балдарды даярдыгы жок беттешке чыгарбайм. Бир-эки жолу спортчулар башка бирөөнүн ордуна күч сынашып, утулуп калган учур болду. Азыр кеминде бир ай калганда макулдугубузду беребиз.

© SputnikМенеджер: мени менен иштешем деп социалдык тармактан күнүнө 2-3төн киши жазат. Ар бир мушкерди спорттук жөндөмүнө жана адамдык мамилесине карап алам.
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Менеджер: мени менен иштешем деп социалдык тармактан күнүнө 2-3төн киши жазат. Ар бир мушкерди спорттук жөндөмүнө жана адамдык мамилесине карап алам.

— Мушкерлерге менеджер болуу оорбу?

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
— Өзүм кикбокс менен машыгып, спорт сүйүүчүлөр арасында күч сынашып жүрчүмүн. Андыктан спортчулардын түйшүгүн жакшы түшүнөм. Мелдештерге өзүм коштоп барам. Кармаш учурунда ыкмаларды айтып турам. Утса сүйүнөм, жеңилсе алар менен кошо кайгырым. Чөгүп кетсе психологиялык жактан жардам бергенге аракет кылам. Көбү интернеттеги терс комментарийлерге сынып калат. Айтаарым, спортчуларга моралдык колдоо чоң дем-күч берет.

Мушкерлер менен кызыктуу учурлар көп болот. Былтыр Москвада өткөн мелдеште Канат Келдибеков күчтүү мушкер Александр Грозинди утуп, көпчүлүктү таң калтырган. Ага кыргыздар гана эмес, тажикстандыктар дагы кубанып, асманга көтөрө ыргытышкан. Ошондо жергиликтүү журналист Канаттан маек алып жатып көзүнө жаш алып жиберейин деди. Анткени ал "демөөрчүм жок, спорттон тышкары курулушта иштеп жана такси айдап, төрт баламды багам" деп айткан болчу.

— Жакында эле Казакстандын "Alash Pride" турниринде өзүңүздү матчмейкер (мушкерлерди беттешке тизмектеп берген адам. — ред.) катары сынап көрдүңүз. Жактыбы?

— Аталган уюмдун президенти Данияр Каскараунун сунушу менен мушкерлерди тизмектеп калдым. Маселен мелдеште 15 кармаш коюлган болсо, анда 30 спортчуну бири-биринин салмагы жана спорттук деңгээли боюнча издештирип, келишим түзүшүбүз керек. Менеджер катары спорттук уюмдарда тааныштарым болгондуктан мушкерлерди табууда кыйналган жокмун. Келечекте матчмейкерликти дагы алып кетейин деген ой бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0