Рефери Букуев: азыр футболчулар кара күчкө көбүрөөк таянып калды

© Фото / пресс-служба ФФКРFIFA калысы, дүйнөдөгү эң мыкты 10 реферинин катарына кирген Нурдин Букуев. Архив
FIFA калысы, дүйнөдөгү эң мыкты 10 реферинин катарына кирген Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Нурдин Букуев дүйнөдөгү эң күчтүү футзал калыстарынын катарына кирет. 36 жаштагы рефери үч жолу дүйнөлүк жана алты жолу Азия чемпионатында калыстык кылган.

16 жашында ышкырыкты колго алып футзал оюндарын тейлеп баштаган Букуев былтыр дүйнөдөгү эң мыкты 10 реферинин катарына кошулган. Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү калыс менен кесиптик жолу, футзал тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.

— Нурдин мырза, буга чейин сиз менен маек тууралуу сүйлөшкөндө Малайзияда жүргөнүңүздү айттыңыз эле. Ошол сапарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Футбол — аянттын ичинде гана эмес, анын сыртында да ишмердиги бар спорттун түрү. Малайзияда футболдук менеджмент же болбосо футболдук административдик башкаруу багытына арналган сабактарга катышып келдим. Бул курстар Азия Футбол федерациясы тарабынан жаңы тажрыйба жана билим берүү максатында уюштурулган.

© Sputnik / Жоомарт УраимовНурдин Букуев: бой жетип калганда футболчу катары келечегим жок экенине көзүм жетти. Андан улам футбол экинчи планга өтүп, окууга көбүрөөк көңүл бура баштадым
Заместитель генерального секретаря Федерации футбола КР Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан
Нурдин Букуев: бой жетип калганда футболчу катары келечегим жок экенине көзүм жетти. Андан улам футбол экинчи планга өтүп, окууга көбүрөөк көңүл бура баштадым

— Өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
— Мен Бишкек шаарында 1980-жылы 7-октябрда төрөлгөм. Жашоомдун баары эле ушул шаарда өттү десем болот. Үй-бүлөбүздүн баары спорт чөйрөсүндөгү адамдар болгондуктан, кичинекей кезимден эле футбол менен машыгып баштагам. Атам көп жыл бою Дене тарбия институтунда иштеп, спорт тармагында кандидаттык диссертациясын жактаган. Ошондуктан биздин тагдырыбыз башынан эле чечилип калган десем болот. Жогорку окуу жайдан кийин беш жыл мамлекеттик кызматта иштедим. Акыркы он жылдан бери Футбол федерациясында эмгектенип келе жатам. Өзүм эки уул, бир кыздын атасымын.

— Кантип футзал калысы болуп калдыңыз?

— Бой жетип калганда футболчу катары келечегим жок экенине көзүм жетти. Андан улам футбол экинчи планга өтүп, окууга көбүрөөк көңүл бура баштадым. 1996-жылы атамдын демилгеси менен Футзал ассоциацияы ачылып, алгачкы мелдештер өткөрүлө баштады. Мен уюштуруу иштерине көмөк көрсөтчүмүн. Ошол кезде атамдын акыл-насааты менен ышкырыкты колго алып, футзал мелдештерин тейлей баштадым. Ар оюн сайын тажрыйбам көбөйө берди. 2006-жылы Футбол федерациясынын демилгеси менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тизмесине кирдим. Алгачкы эл аралык мелдешимди 2007-жылы Японияда өткөн футзал боюнча Азия биринчилигинде өткөрдүм. Талыкпаган эмгектин арты менен эл аралык деңгээлге көтөрүлдүм десем болот.

© Фото / пресс-служба ФФКРБукуев: алгачкы эл аралык мелдешимди 2007-жылы Японияда өткөн футзал боюнча Азия биринчилигинде өткөрдүм
Рефери FIFA, заместитель генерального секретаря Федерации футбола КР Нурдин Букуев (в центе с мячом) - Sputnik Кыргызстан
Букуев: алгачкы эл аралык мелдешимди 2007-жылы Японияда өткөн футзал боюнча Азия биринчилигинде өткөрдүм

— Футболук оюндарга да калыстык кыласызбы? Негизи эле футбол менен футзалды тейлөөнүн айырмасы барбы?

— Мен өзүмдүн тагдырымды башынан эле футзалга байлап алгандыктан, жалаң гана ушул жаатта калыстык кылам. Экөөнүн негизги принциптери бирдей эле. Бирок эрежелери бир аз башкачараак болгондуктан кандайдыр бир айырмачылыктар бар. Кичи футболдо калыстардын чечим кабыл алуу мөөнөтү азыраак. Себеби аянтча тар болгондуктан футболчулар арасындагы түртүшүү көбүрөөк болот. Ошондуктан убакытты текке кетирбей, тез чечим чыгарышың керек.

— Дүйнөлүк чемпионаттын финалына калыстык кылуу ар бир арбитрдин кыялы болсо керек. Айтыңызчы мыкты калыс болуу үчүн эмне кылуу керек?

Тренер по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулов с воспитанниками - Sputnik Кыргызстан
Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм
— Колумбияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын финалын үчүнчү калыс катары тейледим. Өз ишин билген, так аткарган калыс болуу үчүн эрежелерди жакшы билүү керек. Экинчиден тил билүү шарт. Эл аралык деңгээлге чыгып, ФИФА даражасындагы калыс болом десең англис тилин билүү зарыл. Бирок ушул эки негизги нерсени билсем эле жетет деген да туура эмес. Ар бир оюн, машыгуудан өзүңө жаңы нерселерди үйрөнүп, ар дайым тажрыйбаңды өстүрүүгө аракет болушу керек. Себеби, оюн ыкмалары, командалардын тактикалары тез-тез өзгөрүп турат. Сен алардан артта калбооң зарыл.

— Калыстар да кадимкидей машыгып, оюндарга анализ жасашат да. Сиз футболдук матчка кантип даярданасыз?

— Азыр футболдо да, футзалда да командалар жаңыланып жатат. Оюнчулар мурдагыга караганда ылдам ойноп, командалар кара күчкө таяна башташты. Калыстар да оюндун бир бөлүгү болгон соң жаңыланып турушу керек. Андыктан калыстар үчүн машыгуу процесси эч качан токтобойт. Ар бир оюндун алдында командалар менен таанышып, алардын алсыз жана күчтүү жактарын терең изилдейсиң. Негизги оюнчуларынын өзгөчөлүктөрүнө баам саласың. Ушулардын баарына канчалык жакшы даярдансаң, калыстыгың да ошончолук жеңил өтөт. Колуңа ышкырыкты алсаң эле калыс болуп каласың деген туура эмес.

© Фото / пресс-служба ФФКРКалыс: буга чейин үч жолу дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылгам. Анын кызыгы, кумары дагы деле тарай элек
Рефери FIFA, заместитель генерального секретаря Федерации футбола КР Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан
Калыс: буга чейин үч жолу дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылгам. Анын кызыгы, кумары дагы деле тарай элек

— Кыргызстанда футбол калысы болуу үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону  Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Дартымды ойлоп баратып КамАЗды сүзүп алгам. Кикбоксчу Улан Касымбековдун маеги
— Биз федерация катары жаш, жаңы калыстарга шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Мисалы, жаш калыстар мектебин ачканбыз. Жыл сайын 6-7 айлык окуу болуп турат. Ал жерде практикалык жана теориялык жактан билим беребиз. Бүтүрүүчүлөр арасынан калыстык жолун улоого даяр болгондор ылдыйкы даражадагы оюндарды тейлеп жатышат. Бирок бул жааттагы ишмердиктердин көбү Бишкек шаарында жүрүп, аймактарыбыз бир аз аксап калууда. Аймактарды да кошо ала кетсек келечегибиз жакшы эле болот.

— Калыстык кылуу менен каражат тапса болобу?

— Салыштырмалуу айтсак, чоң футболду тейлеген аты чыккан калыстар жакшы эле табышат. Бирок жалпылап айтканда рефери болуп көп деле акча таба албайсың десем болот. Калыстык кылуу башка нерселери менен кызык. Эл-жер кыдырып, улам жаңы адамдар менен таанышып, дүйнөгө болгон көз карашың оң жагына өзгөрөт.

— Келечектеги пландарыңыз кандай?

— Буга чейин үч жолу дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылгам. Анын кызыгы, кумары дагы деле тарай элек. Жок дегенде дагы бир дүйнөлүк чемпионатка катышуу планым бар. Ошондуктан азыр да катуу машыгып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0