Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн Run the Silk Road эл аралык турнири өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk Road марафонунун катышуучусу. Архив
Run the Silk Road марафонунун катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин байге фондусу 420 миң сомду түзөт

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган VII эл аралык аралык Run the Silk Road турнири өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 12-майда Чолпон-Атада өтөт. Анда катышуучулар Корумду айылына чейин чуркап, кайра келишет.

Программада марафон (42 чакырым 195 метр), жарым марафон (21 чакырым 97,5 метр), 10 миң жана 3 миң метрге чуркоо каралган.

Турнирге Кыргызстандын жана чет өлкөнүн күлүктөрү менен спорт сүйүүчүлөрү катыша алат. Мелдешке катышуу үчүн арызды уюштуруучулардын сайтына жиберүүгө болот. http://runthesilkroad.com/

21-апрель күнү мотосезондун расмий ачылышы болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мотоциклчендер парады. Кан басымды көтөргөн сүрөттөр
Байге фондусу 420 миң сом. Мелдеш кыздар жана эркектер арасында өтөт. Биринчи орунду алгандар 70 миң, экинчи орун үчүн 50 миң, үчүнчүгө 30 миң берилет.

Жарым марафондогу биринчи орунга 25 миң, экинчиге 20 миң, үчүнчүгө 15 миң сом каралган. Ошондой эле ар бир катышуучуга атайын футболкалар таратылат.

Мелдештин уюштуруучулары — "Эл аралык марафон дирекциясы" коомдук бирикмеси, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Улуттук олимпиада комитети жана КРдин жеңил атлетика федерациясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0