Азиянын кубогуна чыккан КР командасын FIFA башчысы куттуктады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүFIFA уюмунун башкы катчысы Фатма Самура. Архив
FIFA уюмунун башкы катчысы Фатма Самура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандун футбол боюнча курама командасы эки жеңишинен соң өзүнүн тарыхында биринчи ирет Азиянын кубогуна чыкты

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. FIFA уюмунун башкы катчысы Фатма Самура Кыргызстанды 2019-жылдагы Азия кубогунуна чыгышы менен куттуктады. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Март айында улуттук команда Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Мьянма (22-март) жана Индия (27-март) менен ойноп, биринчи ирет 2019-жылдагы Азия кубогунуна чыккан. Мындай көрсөткүч Эл аралык футбол федерациясынын апрелдеги рейтингинде улуттук команданын 115-орундан 75-орунга көтөрүлүүсүнө шарт түзгөн.

"КРдин футбол федерациясынын преизденти Семетей Султанов жана Улуттук команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин FIFA кеңсесине жасаган иш сапарында Фатма Самура менен жолукту. Ал Кыргызстанды 2019-жылдагы Азиянын чемпионатына чыгышы, тарыхый көрсөткүчү менен куттуктады. Андан сырткары, КРдин футбол федерациясынын ишин жогору баалады", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда андан аркы кызматташуунун жана биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз болгону да кабарланган.

Спортчуларды буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктап, футболчуларды кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0