Кыргыз кызы биринчи жолу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Жазылуу
Ушул эле салмактагы биринчи орунду Казакстандын спортчусу алды

БИШКЕК, 22-апр — Sputnik. Кыргызстандык Малика Боотаева Абу-Даби шаарында өтүп жаткан жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин сайтында жарыяланган.

"Abu Dhabi Jiu Jitsu Festival — 2018" турниринде Боотаева 62 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи орунду казак спортчусу Асель Толепберген алса, коло медаль египеттик Эман Телебге буюрду.

Машыктыруучу Муртазали Муртазалиевдин айтымында, Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө биринчилигине алгачкы жолу күчүн сынаган кыргызстандык кыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0