"Кыргызстандын бермети". Спорттун беш түрү боюнча эл аралык фестиваль өтөт

Жазылуу
Мелдешке 10дон ашык мамлекеттин спорчуларынын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Спорттун беш түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында "Кыргызстандын бермети" аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу КРдин Бирма боксу боюнча федерациянын вице-президенти Бекболсун Советбеков билдирди.

Боксчулар жылаңач полдо, таш дубалда күч сынашып калдыбы? Талкууга түшкөн видео - Sputnik Кыргызстан
Боксчулар жылаңач полдо, таш дубалда күч сынашып калдыбы? Талкууга түшкөн видео
Мелдеш 22-27 июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөрү белгиленди. Анда мушкерлер спорттун кикбокс, ушу-саньда, пенчак силат, аралаш мушташ жана бирма боксу боюнча күч сынашат.

Мелдешке 10дон ашык мамлекеттин спорчуларынын келиши күтүлүүдө.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөнүн мыкты жаш боксчулары тууралуу лонгрид даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0